Бүгүн Казакстандын жаңы президенти Касым-Жомарт Токаевдин инаугурациясы болот
Бүгүн, 20-мартта саат 12:00дө Казакстан Республикасынын парламенттер палатасынын жыйыны менен биргеликте Казакстандын жаңы президенти Касым-Жомарт Токаевдин инаугурациясы болот. Бул тууралуу news-front.info кабарлады.
Мындай маалымат Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин кечээ, 19-мартта чыгарылган жарлыгында айтылат.
Касым-Жомарт Токаев буга чейин Казакстандын Сенат парламентинин спикери болуп иштеп келген. Ал 1953-жылы 17-майда Алмата шаарында туулган. Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтун аяктаган. 1975-жылы СССРдин Тышкы иштер министрлигинде кызматкер катары ишке киришкен. СССРдин Сингапурдагы элчилигинде иштеген.
Казакстандын Тышкы иштер министри, өкмөт башчынын орун басары, өкмөт башчы, мамлекеттик катчы кызматтарын аркалаган.
Ссылка: https://barometr.kg/bgn-kazakstandyn-zhay-prezidenti-kasym-zhomart-tokaevdin-inauguraciyasy-bolot
Добавить комментарий ×