Бишкекте жеңил унаанын айдоочусу жол боюнда токтоп турган оор жүк ташуучу унааны сүзуп салды

24 октябрь 2018 11:00 1237 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн 24 октябрда таңкы  05:57лерде Бишкек шаарынын Кулатов көчөсүндө “Мерседес-Бенц-Спринтер” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жол боюнда токтоп турган оор жүк ташуучу унааны сүзгөн. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу жабыркаган. Ал эми  оор жүк ташуучу унаадан жабыркагандар болгондугу тууралуу маалымат берилген жок. 

Куткаруучулар жабыркаган адамды унаадан чыгарышып тез жардам кызматына өткөрүп беришти. 

Ссылка: https://barometr.kg/bgn-erte-menen-kulatov-kchsnd-zheil-unaanyn-ajdoochusu-zhol-boyunda-toktop-turgan-oor-zhk-tashuuchu-unaany-szup-saldy



Добавить комментарий