Бүгүн депутаттар өкмөттүн курамын, түзүмүн бекитүү үчүн кезексиз жыйынга чогулушат
Бөлүшүү:
Бүгүн, 14-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары кайрадан кезексиз жыйынга чогулат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу билдирди.
Кезексиз жыйын 14-октябрда, саат 9:30, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында болот.
Эл өкүлдөрү күн тартибинде өкмөттүн курамын, түзүмүн жана программасын бекитүүнү карашат.
Эскерте кетсек, кече, 13-октябрда депутаттар кезексиз жыйынга чогулуп, анда Жогорку Кеңештин төрагасын дайындашкан.
Добавить комментарий ×