Бүгүн муфтийди шайлоо үчүнчү ирет өткөрүлөт
Бөлүшүү:
Бүгүн Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийин шайлоо болот.
Аталган орунга тогуз талапкер- Нурбек Токтогулов, Султанали Гапуров, Шукур Исмаилов, Нематилла Жээнбеков, Ниязали Арипов, Убайдулла Сарыбаев, Шакир Маматов, Сайдамир Джейналиев жана Замир Ракиев ат салышып жатышат.
“Бүгүн мусулмандардын курултайы өтүп, добуш берүү болот жана жаңы муфтийди шайлашат”, - деп кабарлашты КМДБдан.
Эскерте кетсек, аалымдар кеңеши жаңы муфтийди шайлаш үчүн үчүнчү ирет аракет кылып жатат. Алгачкы жыйын 5-апрелде пландалып, кийин 29-майга жылдырылып, анда дагы муфтий шайланбай калган.
Ссылка: https://barometr.kg/bgn-chn-iret-muftijdi-shajloo-bolot
Добавить комментарий ×