Кыргызстан Жеңиш эстафетасын кабыл алды
Кыргызстан Жеңиш Эстафетасын кабыл алды. Бул тууралуу чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш түзүү бөлүмү билдирди.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган эл аралык акция Брест (Беларусь ) жана Мурманск (Россия ) шаарларынан 5-февралда эки багыт боюнча старт алган жана ал КМШ өлкөлөрүнүн тышкы чек араларын бойлоп өтүүдө.
Ар күн сайын Эстафетанын символун улам бир жаңы шаарда тосуп алышууда. Эстафета символун алып жүрүүчүлөр 10 өлкөнүн эстелик жайларын кыдырып чыгышат. Жеңиш Эстафетасын, бүгүн 2-майда, кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги “Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү жайынан кыргыз чек арачылары Казакстандын чек арачыларынан салтанаттуу түрдө кабыл алышты.
Бүгүн Бишкекте Жеңиш аянтындагы Өчпөс оттун жанында Жеңиш Эстафетасын тосуп алуу салтанаты өттү. Эстафетанын символун кабыл алып жатып Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев Жеңиш Эстафетасы КМШ өлкөлөрүнүн тышкы чек араларын бойлой миңдеген чакырымдарын өтүп жатып Шериктештиктин чек ара коопсуздугун камсыздаган тышкы чек аранын сакчыларынын күч аракетин биримдиктүү кылууга өбөлгө болуп келүүдө деп белгиледи.
“Эстафета - Ата-Журтубуздун эркиндигин жана көз карандысыздыгын өз өмүрлөрүнүн баасын менен коргоп калган жоокерлердин эрдиги жана каармандыгы жөнүндө кийинки муундарга эске сала турчу символ. Али жапжаш чагында Мекен коргогонго согушка аттанышкан, тылда жан үрөп эмгектенип фронттогуларды керектүү нерселер менен камсыз кылган жана өз өмүрүн, тагдырын курмандыкка чалып Улуу Ата мекендик согушта туруштук берген биздин аталардан, чоң аталардан жана чоң апалардан калган эс тутум.
Жеңиш Эстафетасы - бул күжүрмөн боордоштук жана достук биздин жалпы жеңишке жетишүүнүн кепилдигинин негизи болуп келгенин жана мындан ары кала берээрин бардык өлкөлөрдүн чек арачыларына эскертип турат”, - деп белгиледи Уларбек Шаршеев.
Жеңүүчүлөр муунунун эрдиги – кыргызстандык чек ара сакчыларына үлгү болуп келет. Ошондуктан чек ара заставаларына Улуу Ата Мекендик согуштун жоокерлери - Кутан Торгоев, Осмон Лайлиев, Жаманкул Дженчураев, Мансуз Ванахун, Анварбек Чортековдун ысымдары ыйгарылган.
Бул баатырлардын эрдиги чек арачылардын жаш муунун шыктандырып, аларда чек арада кызмат өтөгөндөрүнө сыймыктануу сезими калыптанышына жана улуу муунду урматтого тарбиялайт.
Кыргызстандын аймагында Жеңиш Эстафетасы майдын 2нен 7не чейин Бишкек жана Ош шаарларында өтөт.
Добавить комментарий ×