Бүгүн Бишкекте күн ачык болсо, Ошто жаан жаайт
Бөлүшүү:
Кыргызгидрометтин берген маалыматына ылайык, бүгүн бейшемби күнү республиканын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Чүй менен Талас өрөөндөрүндө +18…+23 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +23…+28, Ысык-Көл облусунда жана Нарын аймагында +17…+22 градус жылуу болот.
Ал эми Бишкекте күн ачык болсо, Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы Бишкекте +21…+23, ордолуу Ошто +16…+18 градус болору айтылды.
Ссылка: https://barometr.kg/bgn-bishkekte-kn-achyk-bolso-oshto-zhaan-zhaajt
Добавить комментарий ×