Бүгүн Биринчи Май райондук соту экс-депутат Каныбек Осмоналиевдин ишин карайт
Бөлүшүү:
Бүгүн Биринчи Май райондук соту экс-депутат Каныбек Осмоналиевдин ишин карайт. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. Маалыматка ылайык, 12-октябрда өткөн соттук отурумда прокурор экс-депутат каныбек Осмоналиевди 15 жылга эркинен ажыратууну сураган.
Ал эми экс-депутат жогорку окуу жайлардын бирине абитуренттерди, тактап айтканда 27 абитурентти мыйзамсыз окуу жайга өткөргөн деп айыпталып, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси аркылуу кылмыш иши козголгон.
Ссылка: https://barometr.kg/bgn-birinchi-maj-rajonduk-sotu-eks-deputat-kanybek-osmonalievdin-ishin-karajt
Добавить комментарий ×