Бүгүн Албек Ибраимовдун камактагы мөөнөтүн узартуу маселеси каралат

27 август 2018 12:45 999 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн 27-августта  Биринчи Май райондук сотунда Бишкектин  мурдагы мэри Албек Ибраимовдун камактагы мөөнөтүн узартуу маселесин карайт.   

Белгилей кетсек, буга чейин райондук сот Ибраимовду 29-августка чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Аны Жогорку Сот күчүндө калтырган. Бул ирет дал ушул чечимди узартуу маселеси каралат. 

Эске салсак, 19-июлда Биринчи Май райондук соту Ибраимовду тергөө аяктаганга чейин УКМКнын тергөө абагында калтыруу чечимин кабыл алган. Анын жактоочулары баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну өтүнүп шаардык сотко кайрылган. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ибраимовду буга чейин козголгон кылмыш ишине байланыштуу кармаганын билдирген. Ал “Дастан” ишканасынын жетекчиси болуп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда бюджетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүк четинде беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар деп шектелүүдө.


Ссылка: https://barometr.kg/bgn-albek-ibraimovdun-kamaktagy-mntn-uzartuu-maselesi-karalat



Добавить комментарий