Бүгүн Айпери Медет кызы алтын үчүн күрөшөт

4 ноябрь 2021 12:33 6973 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы бүгүн, 4-ноябрда спорттук күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионаттын финалында күрөшөт. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.

23 жашкы чейинки курактагы спортчулардын арасындагы турнир Сербиянын Белград шаарында өтүп жатат. Кыргызстандын спортчу кечээ, 3-ноябрда 75 кг салмакка чейинки категорияда турнирге катышты.

Медет кызы адегенде Эквадор менен Индиядан келген балбандар менен килем үстүнө чыгып, жеңди. Жарым финалда 8:0 эсебинде америкалык спортчуну утту.

Алтын үчүн боло турган финалдык беттеште Медет кызы Колумбиядан келген спортчу менен күрөшөт.

Финалдык күрөш Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө башталат.

Ссылка: https://barometr.kg/bgn-ajperi-medet-kyzy-altyn-chn-krsht



Добавить комментарий