Беттин сулуулугу үчүн бардыраңды кандай колдонуу керек?

11 апрель 2022 11:15 3496 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Беттин терисине бадыраңдын пайдасы зор. Бадыраңдан жасалган маска, анын ширеси теринин агартып жана чымыр кылат. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Бадыраңда көптөгөн пайдалуу минералдар жана витаминдер бар, алар ар кандай функцияларды аткарат.

Төмөндө бадыраңдагы пайдалуу витаминдерди санап көрөбүз. Теринин чымыр жана серпилгич болушуна С витамини пайдалуу.

Эркин радикалдардан коргоо жана эпидермистти тазалаш үчүн В витамини көмөкчү.

А витамини бырыштарды жазууга жардам берет.

Эпидермисттин клеткаларынын регенерациясы үчүн Е витамини зарыл.

Кабактын шишигенин жана көз алдындагы кара тактарды кетирүүгө, агартууга К витамини жардамга келет.

Көздүн көрүүсүн РР витамини жакшыртат.

Бул бадыраңдагы пайдалуу заттардын баары эмес. Ал калийге, калцияга, натрий, магний жана йодго бай. Мындай курамынан улам бадыраң терини нымдаштырып, тазалап, бырыштарды жазып, агартып жана азыктандырат.

Косметикалык максатта жаңы бадыраңдарды колдонгон дурус.Кышкы күнөсканада өскөн жашылча нитраты көп болгондуктан териге анча пайдалуу эмес.

Терини жакшыртыш үчүн эң эле жөнөкөй маска бул бадыраңды жука тилим кылып кесип аны тазаланган бет терисине коюу. Кабакка дагы эки тегерек кесими коюп коюңуз.

Мындай компресс менен 20 мүнөт жатып андан соң жылымык суу менен жууп саласыз.

Ссылка: https://barometr.kg/bettin-suluulugu-chn-bardyrady-kandaj-koldonuu-kerek



Добавить комментарий