"Бет аарчынын астында эчки". Конор Хабибтин жубайын эми эчки деп атады

4 апрель 2019 11:23 7424 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

UFCнин мурдагы чемпиону Конор Макгрегор мушкер Хабиб Нурмагомедов менен болгон таймашын социалдык тармактар аркылуу активдүү түрдө улантууда. Ал кечээ Твитердердеги баракчасында Хабибдин жубайын “бет аарчы” (полотенце) деп атап бирок твитин кайрадан өчүруп салган. Бирок бүгүн кайрадан Нурмагометовдун жубайын “бет аарчынын астында эчки” деп атап катуу бурулуш жасады.

Буга чейин Конордун биринчи постуна Хабиб өз учурунда жооп кылып каршылашын “зордукчу” деп атап анын бир кыз менен болгон чырынын сүрөтүн салды.

Интернет колдонуучулары эки мушкердин пикир келишпектерин активдүү талкууга алып, Конордун айткан сөздөрүн “эркекчилике жатпайт” деген пикирлерин билдиришүүдө.

Эске салсак, 2018-жылы эки мушкер беттешип Хабиб Нурмагеметов жеңишке жетишкен. Бирок беттеш аяктагандан кийин эки тараптын ортосунда мушташ чыгып кеткен. Андан кийин кайрадан реванш болот деген сөздөр айтылып бирок андан UFC баш тарткан.

Ссылка: https://barometr.kg/bet-aarchynyn-astynda-echki-konor-habibtin-zhubajyn-emi-echki-dep-atady



Добавить комментарий