5 күндөн бери издөөнүн жыйынтыгы жок. Чүй каналына түшүп кеткен өспүрүм табылбай жатат
Бөлүшүү:
Чүй каналына түшүп кеткен 16 жаштагы өспүрүм табылбай жатат. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Белгилей кетсек, Чүй районуна караштуу Шамшы айылында Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 16 жашар А.Ч. аттуу өспүрүмдү издөөнү улантышты.
Ал беш күндөн бери үзгүлтүксүз изделүүдө.
"Токмок шаардык №21, 24 өрткө каршы бөлүктөрдөн 20 куткаруучу тартылган. Ошондой эле саат 8:50дө куткаруучуларга кошумча Ысык-Ата райондук №27 өрткө каршы бөлүктөн 10 адам кошулду. Бүгүн жалпысынан 30 куткаруучу тартылган.
Издөөнүн жыйынтыктары туурасында кошумча маалымат берилет", - деп айтылат маалыматта.
Добавить комментарий ×