Берлинде ургаачы панда туулган күнүн белгиледи

12 июль 2018 05:20 1702 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Германияда Меңмең аттуу ургаачы панда 10-июлда туулган күнүн белгиледи. Бул тууралуу xinhuanet кытай маалымат агенттиги жазып чыкты. Панда беш жашка чыкты. Зоопарктын жумушчулары тарабынан ага арнап торт жасалып, шамдар жагылып, таттуулар берилген. Берлиндин зоопаркына панданы Кытайдын түштүк-батышындагы Ченду провинциясынан эркек панда менен бирге алып келишкен. "Кийинки жылы жазда эки панданы аргындаштырабыз. Немис бала панда чоң сенсацияны жаратат. Эки панданы кантип жакындатууну кытайдан келген коллегам экөөбүз чечебиз"-деп билдирди Берлиндеги зоопарктын директору Андриас Киерем. 

Февраль айында эң чоң алп панданы аныкташкан, ал фестивалда Меңмең "Чет өлкөдөгү белгилүү панда" атына татыган. 

Ссылка: https://barometr.kg/berlinde-urgaachy-panda-tuulgan-knn-belgiledi



Добавить комментарий