Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси Олег Панкратов кызматынан кетти
Бөлүшүү:
Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Олег Панкратов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Президенттин Басма сөз кызматы билдирди.
Панкратов мамлекет башчысынын кеңешчиси болуп 2019-жылы июлда дайындалган.
Ошондой эле берген арызына ылайык, Назгүл Ташпаева КР Президентинин Аппаратынын социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду.
Ссылка: https://barometr.kg/bergen-aryzyna-ylajyk-tashpaeva-nazgl-kyzmatynan-boshotuldu
Добавить комментарий ×