Бердымухамедов вирустан адырашмандын түтүнү менен арылууга чакырды
Түркмөнстандын президенти Гурбангулу Бердимухамедов өз жарандарына вирустан элдик ыкмалар менен коргонууну сунуштап, адырашмандын түтөтүп ден соолукту чыңдоого чакырды. Мындай кеңешти ал өкмөттүн жыйыны учурунда айтты.
Мамлекет башчысы түркмөндөрдүн ата-бабасы ар жугуштуу ооруларга каршы туруу боюнча ыкманы мурда эле ойлоп табышкан.
“Биздин даанышман бабаларыбыз адырашманды өзгөчө учурларды түтөтүшкөн. Мисалы жаңы үйгө киргенде, үйлөнгөндө, ошондой эле жугуштуу оорулар күч алган учурда дагы адырашманды колдонушкан”, — деди ал.
Түркмөнбашынын айтымында, бул өсүмдүктүн түтүнү адамдын организмине ар кандай вирустардын кирүүсүнө жол бербейт.
Учурда Түркмөнстанда коронавируска кабылган бир дагы учур катталган жок.
Ссылка: https://barometr.kg/berdymuhamedov-virustan-adyrashmandyn-ttn-menen-aryluuga-chakyrdy
Добавить комментарий ×