Белгилүү казак актеру Тауекел Мусилим үйлөнүү тоюнун так күнүн айтты
Бөлүшүү:
2019-жылдын аягында 32 жаштагы актер Тауекел Мусилим 24 жаштагы Махаббат Туктибаевага баш кошкон болчу. Алар нике күбөлүгүн алып, бата той гана кылышкан.
Жаш түгөйлөр GoodHouseKeeping журналына берген маегинде тойду быйыл жайында 6-июнга пландашканын айткан. Бул күн ишемби күнгө туура келет.
“Алгач биз чакыра турган коноктордун санын билип алып, андан кийин ылайыктуу жер караштырабыз”, — дейт жубайлар.
Эске салсак, Тауекел Мусилим кыргызстандык режиссерлердин дагы тасмасына тартылган. Атап айтканда Руслан Акундун “Салам, Нью-Йорк” жана “Апамды издеп” тасмаларында роль жараткан.
Ссылка: https://barometr.kg/belgil-kazak-akteru-tauekel-musilim-jln-toyunun-tak-knn-ajtty
Добавить комментарий ×