Белгилүү балерина Асымкүл Баетова дүйнө салды
Советтик Кыргызстандын белгилүү балеринасы, эмгек сиңирген артисти Асымкул Баетова дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Асымкүл Баетова 1942-жылы 26-августа Фрунзе шаарында төрөлгөн. Ал Ленинград мамлекеттик академиялык хореография окуу жайын аяктаган.
Баетова 1959-жылы Кыргыз опера жана балет театрынын алдыңкы солисти болуп, бардык башкы ролдорду аткарган. 1982-жылга чейин ошол театрда эмгектенип, кийин эмгек өргүүгө чыккан.
Өз кезинде Баетованын аты Кыргызстанда гана эмес, чет өлкөдө да абдан белгилүү болгон.
Эске салсак, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 12-февралда Чоң-Таш айылында өтөт.
Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын эмгек жамааты биргеликте белгилүү балеринанын үй-бүлөсүнө жана туугандарына көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.
Ссылка: https://barometr.kg/belgil-balerina-asymkul-baetova-djn-saldy
Добавить комментарий ×