Бектен Сыдыгалиев Парламентке депутат болду
Бектен Сыдыгалиевге Жогорку Кеңештин депутаты мандаты тапшырылып, “Кыргызстан” фракциясынан Парламенттин депутаты болду.
Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысынын орун басары Абдыжапар Бекматов “barometr.kg” сайтына билдирди.
Анын айтымында, бүгүн БШКнын жалпы жыйынында өзүнүн берген арызынын негизинде Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынан Насыр Мусаевдин депутаттык ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат партиянын тизмесиндеги кезектеги талапкер Бектен Сыдыгалиевге берилди.
“Бүгүн БШКнын кезектеги отрумунда Парламенттеги “Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү Насыр Мусаевдин берген арызынын негизинде анын депутат ыйгарым укуктары токтотулду. Анын ордуна партиялык тизмедеги кезектеги талапкер Бектен Сыдыгалиевге депутаттык мандат тапшырылды”, - деди Бекматов.
Насыр Мусаев буга чейин ден соолугуна байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча БШКга арыз берген.
Ссылка: https://barometr.kg/bekten-sydygaliev-parlamentke-deputat-boldu
Добавить комментарий ×