Бажы тармагындагы жетишкендикте президент айтты. Иш жүзүндө кандай?
«Бажы тармагында ишкерлерди тейлөө жөнөкөйлөштүрүлдү. Бажы төлөмдөрүн онлайн тастыктоо системасы киргизилди. Натыйжада, төлөмдү тастыктоо зарылдыгы жокко чыгарылды. Буга чейин банк менен бажынын ортосунда ишкер 1-2 күн кетирчү, эми андай зарылдык жок», — деп белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-февралда, Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитетинин экинчи жыйынында.
Мамлекет башчысы белгилегендей, бүгүнкү күндө толук иштеп жаткан 14 өткөрмө пунктунун негизги товар өтүп турган 9 өткөрмө пунктуна жана 4 бажылык тейлөө жайына онлайн-байкоо системасы киргизилди. Жалпысынан 506 видеокамера коюлду, анын ичинен 13 видеокамера «Түндүк» системасына интеграцияланды. Каалаган жаран бажыдагы ишкерлерди тейлөө процессине интернет аркылуу байкоо жүргүзө алат. Алты өткөрүү пункттарында автоматташтырылган инспекциялык-текшерип кароо комплекси (сканер) ишке киргизилди.
«Аталган комплекс киргенге чейин текшерүү 2 сааттан тартып бир нече күнгө чейин убакытты алчу, азыр 5-10 мүнөт убакытты алат. Бажыга товарларды киргизүүдө бажы органдарын алдын ала маалымдоо системасы киргизилди. Буга чейин бир унааны бажылык тейлөө процесси 3-5 саатка чейин жетсе, бүгүн 10-15 мүнөттү түзүүдө», — деп баса белгиледи Жээнбеков.
Мындан тышкары, кызмат көрсөтүүдө адам факторун жоюу максатында санарип технологиялар киргизилүүдө. Электрондук төлөмдөр жана мобилдик банкинг системалары иштей баштады. Электрондук патент, электрондук эсеп-фактуралары жана электрондук салык отчеттулугу боюнча долбоорлор иштеп жатат.
«Былтыр 191 мамлекеттик кызматтар жана сервистер электрондук форматка өттү. Бардык мамлекеттик органдар "Түндүк2 системасына кошулду», — деп белгиледи президент.
Сооронбай Жээнбеков ошондой эле, айрым товарларды экспорттоо жана импорттоо үчүн лицензия берүүнү автоматташтыруу аяктаганын айтты.
Белгилей кетсек, ишкердик субъекттеринин укуктарын, жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо багытында Бизнес-Акыйкатчы институту киргизилген. Мамлекеттик жеке өнөктөштүктү күчөтүү максатында «Мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүк борбору» түзүлдү.
Ссылка: https://barometr.kg/bazhy-tarmagyndagy-zhetishkendikte-prezident-ajtty-ish-zhznd-kandaj
Добавить комментарий ×