Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусовго издөө жарыяланды

6 сентябрь 2018 18:30 1251 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусовго издөө жарыяланды. Бул тууралуу Финансы полициясынын  басма сөз  кызматы билдирди.  

Маалым болгондой, Жунусовго "кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айып тагылып, анын өлкө казынасына 166 миллион сомдон ашык зыян келтиргени аныкталган. 

Ал 2013-жылдан 2016-жылга чейин Мамлекеттик бажы кызмат ордун ээлеп турганда бир катар мыйзамдарды бузуп, өлкөгө товар ташып келген “А.” ишканасына мыйзамсыз уруксат кагаз берип, аталган ишкананын бажы төлөмдөрүн төлөөдө жеңилдиктерди түзүп берген. Каржы полициясынын билдиришинче, ушул жылдын 28-августунда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан Адамкул Жунусовду камакка алуу чарасы тандалып, ага издөө жарыяланган.

Ссылка: https://barometr.kg/bazhy-kyzmatynyn-murdagy-tragasy-adamkul-zhunusovgo-izdd-zharyyalandy



Добавить комментарий