Мыйзамсыз ташылып келинген 3 миллион сомдук дары кармалды (Сүрөт)
Мыйзамсыз ташылып келинген 2 миллион 956 миң 200 сомдук дары кармалды. Бул тууралуу МБКнын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
ЕАЭБтин бажы аймагына 2 956 200 сомдук мыйзамсыз ташылып келинген дары каражаты мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды
ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Түштүк-Батыш” бажысынын кызматкерлери “А.Э.И” ЖЧКнын аймагындагы терминалда “Мерседес Бенс Actros” үлгүсүндөгү транспорт каражатына бажылык тыкыр кароо жүргүзүшкөн.
Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүнө бажылык кароо жүргүзүү учурунда кыргызстанга чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келинген жалпы салмагы 129,5 кг болгон 2274 пачка “Regapen 300 mg” дары каражаты табылган. Кармалган товардын орточо базар баасы 2 миллион 956 миң 200 сомду түзөт.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда териштирүү иштери жүрүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/bazhy-kyzmatkerleri-myjzamsyz-tashylyp-kelingen-daryny-karmashtysrt
Добавить комментарий ×