Базар-Коргондо өрт кырсыгынан каза болгон жаран киши колдуу болуп каза болгондугу аныкталды
2018-жылдын 26-сентябрдан 27-сентябрга караган түнү саат 02.00 чамасында, Базар-Коргон районунун Талдуу-Булак айыл аймагынын Ак-Терек участкасынын тургуну 1956-жылы туулган А. Мамарасул өзү карап жашаган, айылдашы 1956-жылы туулган К.Т.нын үйүнүн короосундагы сарайдан чыккан өрттөн улам күйүп, каза болгон.
Маалыматка ылайык, Базар-Коргон РИИБнин жетекчилиги жана тергѳѳ-ыкчам тобу окуя болгон жерге чыгышып, тийиштүү материалдар чогултулуп, 2018-жылдын 27-сентябрь күнү Базар-Коргон РИИБне «Өрт кырсыгы» болуп катталып, өлүмдүн жана өрттүн себептерин аныктоо максатында тиешелүү экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Алгач, каза болгон атуулдун өз уулу, жакын туугандары эч кимге арыз доосу жоктугун билдирип, арыз жазуудан баш тарткан.
Бирок Жалал-Абад ОИИБнин жетекчилигинин көзөмөлү астында Криминалдык милиция, Базар-Коргон РИИБнин кызматкерлери бул иштин артынан оперативдүү иликтөө иштерин жүргүзүп, бул факт жөн гана өрт кырсыгы эмес, күйүп каза болгон атуул киши колдуу болуп өлгөнүн аныкташты.
Окуянын келип чыгуу себептери такталып, 2 күн ичинде кылмышка шектүүлөр ушул эле айылдын тургундары, Калбатыр жана Мунира аттуу жалгыз бой аял кармалып, жасаган кылмышын бир топ далилдердин негизинде мойнуна алды. КРнын КЖКнын 97-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү атуул тергөө абагына киргизилди. Учурда Базар-Коргон РИИБнин Тергөө кызматы тергөө амалдарын жүргүзүүдө.
Алардын алгачкы көрсөтмөлөрүндө ачыкталгандай, өлтүргөн Калбатыр жана Мунира өз ара жакын мамиледе болушкан. Ошондой эле Мунира каза болгон Мамарасул менен да өз ара мамилеси болгон. Буга чейин Мамарасулда (950 000 сом) ири суммадагы акча бар экендигин Мунира билип, акчасын алуу максатында анын көзүн тазалоо жолуна түшөт. Бул ишке Мунира өз ара көнүлдөш болуп жүргөн Калбатырды көндүрүп, экөө биргелешип ээн талаада колу бутун байлап, оозун таңып тик кырдан (4 метрдей бийиктиктеги жардан) түртүп кулатып өлтүргөн. Андан соң каза болгон Мамарасулду өзүнүн сарайына алып барып таштап, үйүнө кирип акчасын издеп болгону 750 сом гана акчасын табышат. Кайра келип сарайда жашырылган Мамарасулду жыйылган чөбү менен кошо бензин чачып күйгүзүп өрттөп салышкан.
Добавить комментарий ×