Баястандын жубай Зульфия: Эркек деген таң атканча өөп-жыттай берчү адам эмес
Рэп ырчысы Баястандын жубайы бийчи, хореограф Зульфия Лансарова айымдарга арналган кызыктуу пост бөлүштү.
“Мен аялдардын сүйүүсүнө каршы эмесмин, бирок мен аялдар башы менен ойлонгондо эң мыкты нике болорун көрүп жүрөм. Мындайларга жөн гана сүйүү сүйүш үчүн керек эмес. Алар эмнени каалаганын- жакшы келбетте болушту, деңизге кайда учуп барууну жана алардын үстүнөн тебелеп кетпеш үчүн сүйүктүү жумушунда кантип иштөөнү жакшы билишет, алар тынч болгулары келишет.
Сүйгүлө урматтуу айымдар, бирок эркек таң атканча өөп-жыттап жана сүйүп чыга турган гана адам эмес.Эркек-деген өзүн мамиле курууда түзүп алган (же түзбөйт), сүйүктүү ишин жасаган (же жасабаган), өзү үй-бүлөсү үчүн ыңгайлуулук жасап алган (же жасабаган), сени тынч кылган (же кылбайт) адам. Сүйгүлө бирок ойлонгула”,-деп жазды Зульфия.
Эскерте кетсек, Баястан менен Зульфия өткөн жылы 27-августта баш кошушкан. Учурда алардын бир кызы бар.
Ссылка: https://barometr.kg/bayastandyn-zhubaj-zulfiya-erkek-degen-ta-atkancha-p-zhyttaj-berch-adam-emes
Добавить комментарий ×