Баян Максат кызы: “Казакстандагы кыздардын 50% ы үй-бүлө курганга чейин эле боюнан алдырышат”

20 июль 2020 18:04 5865 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Казакстандагы кыздардын 50% ы үй-бүлө курганга чейин эле боюнан алдырышат”, - дейт продюсер Баян Максат кызы. Бул тууралуу аталган өлкөнүн “KZ NEWS” басылмасына шилтеме берип “Барометр билдирет.

Казакстанда жыныстык катнаш тууралуу тема жабык болгону менен бул тууралуу чындыкты кээ-бирлер гана ачык айта алышат. Алардын бири продюсер, актриса Баян Максат кызы.

“Казакстанда жыныстык мамилелер жабык теманын катарына кирет. Баары кыздык белгиси менен турмушка чыгат деген стандарт бар. Бизде кыздарыбыздын 99% күйөөгө кыздык белгиси менен чыкпайт. Алардын 50% ы үй-бүлө курганга чейин эле боюнан алдырышат", - деди продюсер Баян Максат кызы.

Андан соң ал казакстандыктар үчүн коркунучтуу статистиканы келтирди.

"Казакстан боюнан алдыргандар тизмеси боюнча дүйнөдө үчүнчү орунга жакындап келе жатат. Бул тууралуу ачык айткан жалгыз мен болушум керек”, - деп кошумчалады ал.

Ссылка: https://barometr.kg/bayan-maksat-kyzy-kazakstandagy-kyzdardyn-50-y-j-bl-kurganga-chejin-ele-boyunan-aldyryshat



Добавить комментарий