ИИМ Батукаевдин иши боюнча суракка чакырылган экс-башкы прокурор Аида Салянованы камакта кармоодо
Бүгүн, 3-июнда экс-башкы прокурор Аида Салянова 2013-жылы мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевди бошотуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды. Бул тууралуу barometr.kg жеке булактар маалымдашты.
Аталган маалыматка таянсак, тергөөчү аны эки сутка камакта калтырууга ниеттенүүдө.Салянованын жанында жактоочусу бар.
Эскерте кетсек, ооруп өлүп калыш мүмкүн делген Батукаевди 2013-жылы абактан бошотушкан. Ошол кезде саясий чатак кызып, анын кесепетинен бир канча адам кызматынан кеткен. Башкы прокуратура Батукаевдин бошотулушу боюнча ишти кайрадан жаңыртып, 2019-жылы апрель айында аны Ички иштер министрлигине өткөрүп берген.Бул иш боюнча беш дарыгер, экс-Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева, Нарын областынын башкы прокурорунун орун басары Майрамбек Акматалиев, экс-вице-премьер-министр Шамиль Атаханов кармалган.
Белгилей кетсек, Аида Салянова “Ата-Мекен” фракциясынан депутат болуп турган кезде Максим Бакиевдин орун басары Алексей Елисеевдин жактоочулук лицензиясын узартып берген деп 2018-жылы май айында соттолгон. Жогорку сот аны беш жылдын мөөнөткө эркинен ажыратып, бирок үч жаштагы кызынан улам мөөнөтүн кийинкиге жылдырган.
Ссылка: https://barometr.kg/batukaevdin-ishi-boyuncha-eks-bashky-prokuror-aida-salyanova-karmaldy
Добавить комментарий ×