Батукаевдин иши боюнча айыпталуучуларга өкүм чыгарылды
Бүгүн Биринчи май райондук сотунда Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча айыпталгандарга сот өкүм чыгарды.
Маалыматка ылайык, Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев күнөөлүү деп табылып, 2 жылга эркинен ажыратылды. Буга чейин тергөө абагында отурган күндөрүн эсепке алуу менен жазасын өтөп бүттү деп таанылып, сот залынан бошотулду.
Батукаевге диагноз койгон Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов дагы күнөөлүү деп табылып, кылмыш жообуна тартуу мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу жазага тартылган жок.
Белгилей кетсек, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылды. Ал эми мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаевага 5 миллион сом айып пул салынды
Ссылка: https://barometr.kg/batukaevdin-ishi-boyuncha-ajyptaluuchularga-km-chygaryldy
Добавить комментарий ×