Алмазбек Атамбаев 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылды

23 июня 2020 16:40 1670 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, Биринчи май райондук сотунда Азиз Батукаевдин иши боюнча соттук иш каралып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылды.

Буга чейин прокурорлор анын мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга эркинен ажыратууну суранышкан.

Сотто акыркы сөздү экс-башкы прокурор Индира Жолдубаева, дарыгер Абдухалим Раимжанов, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев сүйлөдү. Ал эми Атамбаев сотто акыркы сөздөн баш тартты.

Атамбаев КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 319 "Коррупцияны уюштуруу" беренеси менен айыпталып, мүлкү конфискацияланып, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылып 11 жыл 2 айга эркинен ажырады.

Эске салсак, 2019-жылдын 8-августунда Кой-Ташта УКМКнын атайын даярдыктагы күчтөрү кол салуу учурунда экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармашкан. Анын тарапкерлери Бишкектин чок ортосунда митинг жана тополоң уюштурууга аракет кылышкан. 9-августта мурдагы президент Батукаевдин бошотулушу боюнча айыпталып, УКМКнын тергөө абагында эки айга калтырылган.

Ошондой эле Индира Жолдубаевага 5 миллион сом айып пул салынды.

Ссылка: https://barometr.kg/almazbek-atambaev-11-zhyl-2-ajga-erkinen-azhyratyldy



Добавить комментарий