Батукаевди бошотууга чечим чыгарган Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясына коррупция боюнча иш козголду

23 май 2019 11:15 1715 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Азиз Батукаевди камактан мыйзамсыз бошоткондугу үчүн экс-судья Жапар Эрматовго карата кылмыш иши козголуп, сотко чейинки териштирүү иштери башталды.

Башкы прокуратурадан белгилешкендей, 2013-жылдын 9-апрелинде Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Эрматов тарабынан КР ЖАМК (4-убактылуу кармоочу жайы) башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучунун сунуштамасын карап, Азиз Батукаевди камактан бошоткон.

Маалыматта айтылгандай, сот Азиз Батукаевдин айыкпас ооруга чалдыккандыгы тууралуу маалыматтар менен кылдат таанышпастан эле мыйзамдагы уурунун Кыргызстандан чыгып кетишине шарт түзүп берген.

Учурда мурдагы судьянын иши тууралуу маалыматтар чогултулуп, 335-берененин 1-бөлүгүнө, 319-берененин 1-бөлүгүнө ылайык, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Ссылка: https://barometr.kg/batukaevdi-boshotuuga-chechim-chygargan-naryn-shaardyk-sotunun-murdagy-sudyasyna-korrupciya-boyuncha-ish-kozgoldu



Добавить комментарий