Баткенге чет өлкөлүк журналисттер барды

22 сентябрь 2022 10:44 1828 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Баткенге тажиктердин баскынчылык кол салуусун дүйнөгө жеткирүү максатында чет өлкөлүк журналисттер барды. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда Кыргызстандагы чет өлкөлүк жана жергиликтүү ЖМК өкүлдөрүн Баткен облусуна барышты.

"Башкы максат – чек арабызга чектеш айылдарга баскынчылык менен кирип келип жай тургундардын, социалдык объектилерди талкалашканын көрсөтүү жана ал аркылуу дүйнө коомчулугуна чындыкты жеткирүү.

Учурдан пайдаланып, акыркы кырдаалга байланыштуу маалыматтык коштоодо - кыргызстандык кайдыгер эмес жарандар, журналисттер жана блогерлердин салымы бар экенин белгилеп, аларга ыраазычылык билдирем.

Ошону менен бирге, маалыматтык салгылашта кандай ыкмалар колдонулуп жатканы купуя бойдон сакталышы керек деп эсептейм. Тилекке каршы, түзүлгөн мүмкүнчүлүктөн пайдаланып ЖМКлар аркылуу ушул күндөрү жасалган иштерди, жардамга колу тийип калган айрым досторубуз бүт сырды ачыктап айтып жатышат. "Маалыматтык согушта бул андай иштеди, мындай кылса болмок, биз бул ыкмаларды колдондук эле, тажиктерди уттук",- деп жарыялап жатышат.

Эгерде, чын эле жардам берүү учурунда максатыңыздар "мамлекетке пайдабыз тийсин",- деген болсо, анда кандай иштегениңерди айтып, ачыктап кереги жок.

Берген жардамыңар өзүңөрдү таанытуу, "самопиар" үчүн болсо, анда айтып коелу, бул туура эмес. Тескерисинче зыяны дагы тийип калышы толук мүмкүн. Бардыгын эле ачыктай берсек, анда стратегиялык жактан чоң ката кетирген болобуз.

Ушунча болду, анда биздин аскерлердин позициясынан бери мактанып айтып берели!

Маалыматтык согушту салыштыра турган болсоңор, кармаштын аягы бүтө электе "биз мынтип аттык, момундай куралыбыз бар болчу, тоонун бул үңкүрүнөн барын көрүп турдук",-деген сыяктуу эле да!

Урматтуу блогерлер, чын ниеттен жардам берсеңиздер анда купуялуулукту сактаңыздар. Самопиар, популисттик үчүн жардам берип, кайра аны мактанып, аны менен тим болбой мамлекеттин маалыматтык саясатын "эмне кылып жатасыңар, элге айтып тургула" деген кыска түшүнүктөн алыс болууга чакырам!

Биздин маалыматтык талааны башка тараптар да тыкыр мониторинг кылып, талдоого алып жаткандыгы талашсыз.

Бул кайрылуум ушул жагдайды эске алуу менен. Андыктан, туура түшүнүү менен кабыл аласыздар деп ишенем!", -деп жазды президенттик администрациянын маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков. 

Ссылка: https://barometr.kg/batkenge-tazhikterdin-baskynchylyk-araketterin-chagyldyruuga-chet-lklk-zhurnalistter-bardy



Добавить комментарий