Баткендин жаңы дайындалган акими чек ара маселесин колго алат

6 сентябрь 2019 09:01 2502 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Каланбек Маркаев Баткен районуна аким болуп дайындалды. Аны бул кызматка дайындоо боюнча буйрук кечээ 4-сентябрда чыккан.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров жаңы дайындалган акимди эмгек жамаатка бүгүн тааныштырды.

Каланбек Маркаев райондун аймагындагы чек ара маселеси жана социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө аракеттенүү менен жумуш баштаарын “Barometr.kg” сайтына билдирди.

"Баткенде эң негизги эле маселе чек ара. Анан суу, жер, социалдык бир катар маселелер бар. Калкты жер тилкеси менен камсыздоо көйгөйлөрү бар. Эми бийлик тарабынан мага ишеним берилип, зор жоопкерчилик жүктөлдү. Аны татыктуу аткарууга аркеттерди көрөм", - деди ал. 

 Каланбек Маркаев эмгек жолун «Ош электр» ишканасына караштуу Баткен райондук электр тармактар бөлүмүнөн баштап, мекеменин башчысы кызматын аркалаган. Райондун башчысы болгонго чейин Суу-Башы айылдык кеңешинин төрагасы, Баткен шаардык кеңешинин депутаты болуп иштеген.

Ссылка: https://barometr.kg/batkendin-zhay-dajyndalgan-akimi-chek-ara-maselesin-kolgo-alat



Добавить комментарий