Баткендин Лейлек районунда кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болуп жатат
Баткендин Лейлек району менен Тажикстандын чектешкен жеринде атышуу болуп жатат. Бул тууралуу Таирбек Абдилашим Уулу аттуу фейсбук колдонуучу өзүнүн баракчасына жазды.
Мындан сырткары whatsapp тармагында атыш болуп жатканын кабарлаган билдирүүлөр тарады.
Билдирүүлөрдө атышуу Лейлек районунун Овчу-калача айылында кыргызстандын чек ара бекетине жакын жерде болуп жатканы айтылат. Атын айтпаган жергиликтүү тургун тажик аскерлери Кыргызстандын чек ара бөлүкчөсүннү алысты көзөмөлдөөчү мунарасын гранатомет менен атып жок кылып салган.
Чек ара кызматынын өкүлү Сажира Чоколоева бул маалымат такталып жатканын айтты.
Ссылка: https://barometr.kg/batkendin-lejlek-rajonunda-kyrgyz-tazhik-chek-arasynda-ok-atyshuu-bolup-zhatat
Добавить комментарий ×