Баткендик милицияга Түркиянын президенти Эрдоган өз колу менен диплом тапшырды
Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган милициянын лейтенанты Адилет Акынали уулуна окуусун ийгиликтүү аяктагыны тууралуу диплом менен сертификат тапшырды. Бул тууралуу ИИМдин маалыматына таянып “Барометр” биллирет.
Түркия ИИМдин Анкара шаарындагы полиция академиясынын базасындагы полициянын жетекчилерин даярдоо борборунда магистратура программасында Кыргызстандын атынан барган милиция кызматкери милициянын лейтенанты Адилет Акынали уулу билим алып жаткан.
“Ал 2021-2022-окуу жылдында ‘‘Коопсуздук стратегиялары жана башкаруу” бөлүмүндө билим алуу менен бирге “Жетекчилчилерди баштапкы окутуу жана даярдоо” курсунда үлгүлүү жүрүм-туруму, өзүнүн окуудагы жетишкендиктери жана эл аралык аренада өз жөндөмдүүлүгүн жогорку деңгээлде көрсөткөндүгү үчүн биздин кесиптешибизге Анкара шаарындагы Президенттик резиденцияда 2022-жылдын 1-ноябрында бүтүрүү аземинде Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдоган окуусун ийгиликтүү аяктагыны тууралуу диплом менен сертификатты тапшырды.
Ошону менен катары эл ал Түркиянын Полиция Академиясынын башчысы профессор, доктор Чолак Йылмаздын колунан сыйланды.
Кыргыз милициясынын деңгээлин үлгүлүү жана жогорку деңгээлде көрсөткөндү үчүн милициянын лейтенанты Адилет Акынали уулу менен сыймыктанабыз.
Милициянын лейтенанты Адилет Акынали уулу 1999-жылы Баткен облусунун Баткен районунда туулган. Буга чейин Баткен РИИБде балдар менен иштөө боюнча инспектор кызматында иштеп келген.
Кесиптешибиздин Кыргыз милициясынын кадыр-баркын жана аброюн жогорку деңгээлге көтөрүп, мекенибизге кызмат кылуу менен генерал наамына жетем деген аруу тилеги бар”, -деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/batkendik-miliciyaga-trkiyanyn-prezidenti-erdogan-z-kolu-menen-diplom-tapshyrdy
Добавить комментарий ×