Баткендеги Кайынды айылынын тургундары таза суу менен камсыз болушту (сүрөт)
Кайыңды айылында селден жабыркаган арыктарга темир труба орнотулуп, таза суу келе баштады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2020-жылга карата атайын алдын алуу жана кесепетин жоюу боюнча иш-мерчеминин негизинде Баткен районунун Дара айыл аймагынын Кайыңды айылындагы тоо тилкелеринде жайгашкан таза суу өтүүчү арыктар селден жабыркагандыгына байланыштуу, аны калыбына келтирүү үчүн министрлик тарабынан 55 метр темир труба бөлүнүп жергиликтүү бийлик жана жашоочулар тарабынан жумуштар аткарылды. Азыркы учурда, Кайынды айылынын элдери таза суу менен камсыз болушту.
Ссылка: https://barometr.kg/batkendegi-kajyndy-ajylynyn-turgundary-taza-suu-menen-kamsyz-bolushtu-srt
Добавить комментарий ×