Баткендеги чек ара жаңжалынан жабыркагандар салыктан бошотулат

2 июль 2021 14:34 2076 Barometr
Бөлүшүү:
ok

28-30-апрелде Баткенде болгон чек ара чатагынан жабыркагандар жыл соңуна чейин салыктан бошотулат. Бул тууралуу Экономика жана каржы министрлигинен алынган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Экономика жана каржы министрлигинин токтом долбооруна ылайык, кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяларды өзгөчө жагдай катары таануу сунушталды.

Баткен областынын чек арага жакын айылдарын өнүктүрүү жана калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик комиссия тарабынан бекитилген, жабыр тартуучулардын тизмесине кирген салык төгүүчүлөр 2021-жылдын 1-апрелинен 31-декабрына чейин төмөнкү салыктардан бошотулат:

Киреше салыгы, пайдадан түшкөн салык, кошумча нарк салыгы, сатуудан түшкөн салык, милдеттүү патенттин негизиндеги салык, ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык, бирдиктүү салык.

Бул салыктардын ставкаларынын баары 0 пайыз болмокчу.

 

Ссылка: https://barometr.kg/batkendegi-chek-ara-zhazhalynan-zhabyrkagandar-salyktan-boshotulat



Добавить комментарий