Баткендеги чек ара: тажик тарап кыргыз тарапка минометтон ок чыгарды. Абал оор

8 май 2020 20:16 1447 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасындагы Чек аймагында ок атышуу болду. Бул тууралуу чек ара кызматы билдирди.

Ага ылайык, Чек аймагы учурда тактала элек аймактарга кирет, бирок аны кыргыз тарап көптөн бери эле колдонуп келет.

«Эки тараптан тең 30-40тай киши бири-бирине таш ыргытышкан. Андан сырткары мергенчилик мылтыктан дагы ок атылган. Абалдын курчуп кетишине жол бербөө үчүн Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары эскертүү иретинде асманга ок атышкан», — деп айтылат маалыматта.

Бир канча убакытка абал тынчып калып, элге түшүндүрүү иштери жүргөн.

Бирок Тажикстандын чек арачылары күтүлбөгөн жерден кыргыз чек арачылары менен Кыргызстандын жай тургундарын көздөй минометтон ок чыгарышкан.

 Учурда чек арадагы абал оор деп бааланууда.

Ссылка: https://barometr.kg/batkendegi-chek-ara-tazhik-tarap-kyrgyz-tarapka-minometton-ok-chygardy-abal-oor



Добавить комментарий