Баткенде жеңил унаа 4 жүргүнчүсү менен бара жатып, жарылып кеткен
Кадамжайда жүрүп бара жаткан авто унаа жарылып кетти. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин маалыматына таянып “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, унааны Өзбекстандын жараныны башкарып бара жаткан.
“6-декабрь күнү саат 10.00 чамасында Өзбекстандын жараны “Деу-Лассети” үлгүсүндөгү унаасын айдап баратып, Риштан-Сох автожолунун 16-километринде, тактап айтканда, Миң-Чынар айылынын батыш тарабын көздөй баратканда, унаанын кыймылдаткычына газ баллон жабдыгы орнотулгандыктан кокусунан жарылып кеткен.
Жарылган унаада жалпысынан Өзбекстандын 4 жараны болгон, жабыркагандар болгон эмес.
Бул факты Кадамжай районунун РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүрүп жатат”, -деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/batkende-zheil-unaa-4-zhrgnchs-menen-bara-zhatyp-zharylyp-ketken
Добавить комментарий ×