Баткенде өрттөнүп кеткен үйлөр мамлекеттин эсебинен калыбына келтирилет

3 май 2021 10:46 1032 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Баткен областынын тургундарынын жабыркаган үй жайы мамлекет тарабынан бекер курулуп берилет. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

"Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги акыркы окуялардан улам жабыркаган Баткен облусунун жашоочуларынын үйлөрү мамлекеттин эсебинен толугу менен калыбына келтирилет.

Ошону менен бирге, калыбына келтирүүгө мүмкүн болбогон турак жайлар мамлекеттин эсебинен бекер курулуп берилерин белгилейбиз",- деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/batkende-rttnp-ketken-jlr-mamlekettin-esebinen-kalybyna-keltirilet



Добавить комментарий