Баткенде орус менен казактын арактарын саткандар кармалды
Бөлүшүү:
Салык кызматынын кызматкерлери Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча Мамлекеттик кызматы менен биргеликте Баткен облусунун Лейлек районунда жайгашкан “Бишкек” дүкөнүнөн элиталык алкоголдук продукцияны мыйзамсыз сатуу фактысын аныкташты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, дүкөндө Казакстан жана Россиянын акциздик маркалары менен ар кандай аталыштагы жана идиштеги спирт ичимдиктери сатылып турган.
Жыйынтыгында жалпы суммасы 230 миң сомго ар кайсыл түрдөгү 223 бөтөлкө алкоголдук продукция тартып алынды.
Ссылка: https://barometr.kg/batkende-orus-menen-kazaktyn-araktaryn-satkandar-karmaldy
Добавить комментарий ×