Баткенде окуучулар арасында массалык мушташ болду. Видео

16 апрель 2021 13:06 7525 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Соцтармакта “Баткенде окуучулар арасында массалык мушташ болуп, үч окуучу оор абалда ооруканада жатат” делген видео таркап жатат. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.

Видео тасманын алдына, Баткен районунун Кара-Бак айылынын мектеп окуучулары ууру-ууруга бөлүнүп мушташып жатышкандыгы жазылат.

“Мектеп окуучуларынын арасында массалык мушташ болуп, 10-класстын балдары 8-класстын балдарын көптөп сабап жатышат. Учурда, үч бала оор абалда ооруканада жатат”, - деп айтылат видео тасманын алдындагы жазууда.

Бул тууралуу Баткен ОИИБна “Барометрдин” журналисттери байланышканда, учурда, аталган окуя боюнча тактоо иштери жүрүп жатканын, толук маалымат берилерин кабарлашты.


Ссылка: https://barometr.kg/batkende-okuuchular-ortosunda-mushtash-bolup-3-bala-oor-abalda-oorukanada-zhatat-delgen-video-internetke-zharyyalandy



Добавить комментарий