Кеминден уурдалган мал Баткендин базарынан табылды, уурулар кармалды

28 февраль 2020 20:42 1300 Barometr
Бөлүшүү:
ok

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын, Чүй ОИИББдин жана Нарын ОИИБдин КМКнын бөлүмдөрүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан мал уурдаган кылмыштуу топтун изине түшүү үчүн көптөгөн күч-аракеттер жумшалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Эки айдан ашык аралыкта гана милиция кызматкерлери ири мүйүздүү малдарды жана жылкыларды уурдаган кылмыштуу топтун изине түшүшкөн. 2019-жылдын декабрь айында Чүй облусунун Кемин районунун Ильичев айыл өкмөтүнүн аймагынан 11 баш ири мүйүздүү малдарды (уй менен торпоктор) белгисиз адамдар уурдап кетишкен. Мал ээлери болсо башында өз күчтөрү менен издешип, андан соң гана милицияга кайрылышкан.

Аталган факты КЖБРге катталып, Кемин РИИБ тарабынан ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлө баштаган.

Өткөн жылдын аягында Нарын облусундагы сарайлардын биринен 3 баш жылкы менен 1 уйду уурдап кетишкен. Бул фактылар дагы КЖБРге катталып, Нарын жана Кочкор РИИБдери тарабынан сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлө баштаган.

Жогорудагы фактыларды эске алуу менен бул кылмыш иштерин иликтөөгө борбордук аппараттын –ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 2-башкармалыгынын кызматкерлери тартылган. Аталган кылмыш иштеринин бетин ачуу жана шектүүлөрдү кармоо боюнча комплекстүү бирдиктүү иштер жүргүзүлө баштаган. Жазалган кылмыш иштерин изилдөө менен ИИМдин КМКнын 2-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери мал уурулук менен алектенген кылмыштуу топтун колунан жасалган деген тыянакка келишкен.

ИИМдин буюрмасынын негизинде ушул жылдын февраль айында ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын, Чүй ОИИББдин КМКнын бөлүмдөрүнүн ыкчам кызматкерлеринин тобу ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн Баткен облусуна иш сапарга кетишкен. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында көптөгөн мал уурулукка шектүү катары Жалал-Абад облусунун Аксы районунун жашоочулары Э.А., С.А. жана Талас облусунун жашоочусу Т.Т. кармалды. Алынган маалымат боюнча алар уурдалган малдарды Баткен облусунун аймагына алып келишип, жергиликтүү базарларда сатып жүрүшкөн.

Азыркы учурда жогорудагы фактыларга тиешеси бар башка жарандарды дагы кармоо боюнча ыкчам-издөө иштери жүрүп жатат. Учурда Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.


Ссылка: https://barometr.kg/batkende-mal-uurular-karmalgan



Добавить комментарий