Баткенде китеп окуу акциясы өттү

3 август 2019 12:29 1766 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Баткенде “Китепкөй Баткен” аталыштагы китеп окуу акциясы өттү. Иш чара облустагы китеп жарманкесинин алкагында уюштурулганын Өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Акцияга Баткен шаарындагы балдар, ата-энелер катышты. Жарманкеде окурмандар издеген китептер коюлганын уюштуруучулар билдиришти.

Иш чарада жаш активист Санжар Абдинаби уулу "Китеп окуунун пайдалары, эмне үчүн китеп окушубуз керек?" деген темада тренинг өтүп, окурмандарга дагы шык берип, китеп окууга чакырды.

Кошумчалай кетсек, иш-чаранын демөөрчүлөрү "Секом" билим берүү мекемеси жана жаш активисттер болду.

Ссылка: https://barometr.kg/batkende-kitep-okuu-akciyasy-tt



Добавить комментарий