Баткенде каналга агып бара жаткан аялды милиция куткарып калды

14 июль 2023 13:38 1120 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Баткенде каналга агып бара жаткан аялды милиция куткарып калды. Бул тууралуу ИИМдин маалыматына таянып “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, күзөткө бара жаткан милиция кызматкерлери каналда агып келе жаткан аялды куткарып калышкан. 

“ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Баткен шаарында жайгашкан ѳзүнчѳ ротасынын кызматкерлери милициянын кенже сержанты Мотоев Мадияр жана милициянын сержанты Мадали уулу Мелис бүгүн саат 10:00  чамасында Ай-Сай айыл аймагындагы кайгуул-күзѳт кызматын алмаштырууга бара жаткан учурда, Баткен районунун Кѳк-Таш айылынын кире беришиндеги чоң каналда агып келе жаткан аялды кѳрүп калышкан. Ошол замат 2 милиция кызматкери сууга секирип киришип, аялды куткарып калышкан. Андан соң куткарылган аялды ооруканага алып кетишкен. Куткарылган аялдын учурда абалы жакшы”, -деп айтылат маалыматта.


Ссылка: https://barometr.kg/batkende-kanalga-agyp-bara-zhatkan-ayaldy-miliciya-kutkaryp-kaldy



Добавить комментарий