Баткенде эки унаа сүзүшүп, 4 адам түрдүү жаракаттарды алышты

22 февраль 2019 10:51 1295 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Баткендеги Кызыл-Кыя шаарында эки унаа сүзүшүп, 4 адам түрдүү жаракаттарды алышты. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады. 

Маалыматта жазылгандай, 2019-жылдын 21-февраль күнү саат 01:59да Кулатов көчөсүндө “Ласетти”  жана “Портер” үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Жол кырсыктын кесепетинен 4 адам ар кандай жаракат алган. Жаракат алгандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Кырсыктын себептери иликтенүүдө. 


Ссылка: https://barometr.kg/batkende-eki-unaa-szshp-4-adam-trd-zharakattardy-alyshty



Добавить комментарий