Баткенде чек арадан мыйзамсыз өткөн АКШ, Япониянын жарандары кармалды

14 июнь 2021 15:32 4759 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Кечээ, 13-июнда Баткенде өлкө аймагына мыйзамсыз кирген АКШ менен Япониянын жарандары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматына шилтеме берүү менет “Барометр” билдирет.

"Баткен облусунун Нургазык аймагына 23 жаштагы АКШлык эркек жана 32 жаштагы япониялык аял уруксат документтери жок эле киришкен", — деп айтылат маалыматта.

Жыл башынан бери алганда Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан өтүүдө мыйзам бузган 192 жаран кармалган. Ошол эле 709 киши туура эмес документти пайдаланып Кыргызстанга кирүүгө аракет кылып, колго түшкөн.

Быйылкы жылдын 1-январынан бери Кыргызстанга 1,7 миллион адам кирип, 1,8 миллион адам чыгып кеткен.

Ссылка: https://barometr.kg/batkende-chek-aradan-myjzamsyz-tkn-aksh-yaponiyanyn-zharandary-karmaldy



Добавить комментарий