Баткенде Боронов Өзбекстандын премьер-министри менен жолугушту

1 июнь 2020 14:48 1300 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов  Баткен облусундагы «Чечме-Автодорожный» өткөрмө пунктунда Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматы билдирди. 

Жолугушуу учурунда эки өлкөнүн ортосундагы чектеш айылдардын жашоочуларынын ортосунда болуп өткөн жаңжал талкууланды.

Тараптар мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек тилкесинде болуп өткөн окуяга байланыштуу өкүнүү билдиришип, жагдайды жөнгө салуу боюнча биргелешкен акыркы чаралардын топтомун кабыл алуу, эскалацияга жол бербөө жана чектеш аймактарда чыңалууну жоюу тууралуу пикирлерин айтышты.

Эки мамлекеттин буга чейин жетишилген макулдашууларды жана келип чыккан маселелерди чечүүдө конструктивдүү мамилени кармана тургандыгы белгиленди.

Боронов жана Арипов ошондой эле эки жактуу кызматташуу жана башка актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар биргелешкен тергөө чараларын жүргүзүү жана күнөөлүү жактарды жоопко тартуу тууралуу макулдашышты.

Ссылка: https://barometr.kg/batkende-chek-ara-tuuraluu-zholugushuu-bolup-tt



Добавить комментарий