Баткен районунун Ак-Сай, Ак-Татыр жана Самаркандек айылдарында сел жүрдү (фото)
Баткен районунун Ак-Сай, Ак-Татыр жана Самаркандек айылдарында сел жүрдү. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы маалымдайт.
Такталган маалымат боюнча 12-июнь күнү саат 18:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай, Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймактарында сел жүргөн. 13-июнь күнү райондук Жарандык коргонуу комиссиясынын тактоосу боюнча Ак-Сай айыл аймагынын Керме-Тоо айылында 45 турак үйдүн огороддорун, 30 курулуш чарбаларын, 300 метр ички чарбалык унаа жолду, 500 метр ички чарбалык арыктарды сел суулары каптаган жана 1,5 чакырым дамбаны сел суулары бузган. Азыркы учурда райондук Жарандык коргонуу комссиясы Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймактарында тактоо иш-чараларын жүргүзүүдө. Кошумча маалымат берилет.
Ссылка: https://barometr.kg/batken-rajonunun-ak-saj-ak-tatyr-zhana-samarkandek-ajyldarynda-sel-zhrd-foto
Добавить комментарий ×