Баткен облусунда Коомдук алдын алуу борборлору ачылды

20 декабрь 2019 10:06 1340 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Баткен облусунда Коомдук алдын алуу борборлору ачылды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. 

2019-жылдын 18-декабрь күнү Баткен районунун Ак-Сай айылында, Кадамжай районунун Халмион айылында жана Лейлек районунун Исфана шаарында коомдук алдын алуу борборлорунун ачылышы болуп өттү. Аталган долбоор "Эл аралык толеранттуулук үчүн" фондунун,   «Saferworld» өкүлдөрүнүн, БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын, райондук ичи иштер бөлүмдөрүнүн кызматташтыгы менен ишке ашты.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин кеңешчиси, милициянын полковниги Асель Осмонова, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Акрам Мадумаров, Баткен облусунун ИИБдин башчысы, милициянын полковниги Акыл Мамасеитов, АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин өкүлү Брайан Стиммлер, КААБдын мүчөлөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү,  ички иштер органдарынын кызматкерлери, аймактык кеңештердин өкүлдөрү, шаардын, жашоочулары, жаштары катышты.

Аталган борборлордо бардык шарттар түзүлгөн: милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлүнүн, Аксакалдар сотунун, Жаштар жана аялдар кеңештери менен иштөө бөлүмдөрүнүн бөлмөлөрү орун алып, ал жак зарыл болгон эмеректер, техникалар менен жабдылган.  Милиция менен калктын тыгыз кызматташуусу мамлекеттин туруктуулугуна, коррупция менен кылмыштуулуктун азайышына, коомдук коопсуздукту сактоого алып келет. 

Ошондуктан, КААБды ачуунун максаты болуп калктын ички иштер органдарына болгон ишенимин көтөрүү саналат. Аймактык кеңештердин административдик имаратынын курулушуна жалпысынан 2 миллион сомдон ашык акча каражаты коротулган. 

Анын ичинен Ак-сай айыл өкмөтүнөн 201 050 сом, Исфана шаарынын мэриясынан 383 730 сом, Халмион айыл өкмөтүнөн 321 710 сом акча каражаты бөлүнгөн.

Ссылка: https://barometr.kg/batken-oblusunda-koomduk-aldyn-aluu-borborloru-achyldy



Добавить комментарий