Баткен-Исфана-Баткен аба каттамы уюштурулду
Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Баткен-Исфана-Баткен авиакаттамын уюштуруу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттөн маалымдашты.
Авиакаттам 2019-жылдын 16-мартында саат 13:00дөн баштап уюштурулду. Учуу убактысы 30 мүнөт.
Мындан тышкары, Бишкек-Исфана-Бишкек авикаттамы жумасына үзгүлтүксүз бир жолу (дүйшөмбү күнү) учат.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Бишкек-Исфана-Бишкек авиакаттамын жумасына үзгүлтүксүз эки жолу (дүйшөмбү, жума күндөрү) уюштуруу маселеси иштелүүдө.
Аталган авиакаттамдар «Тез-Жет» авиакомпаниясы тарабынан ишке ашырылат. Авиабилет баасы: 4 жашка чейин акысыз, 12 жашка чейин 500 сом, чоңдор үчүн 1000 сом.
Ссылка: https://barometr.kg/batken-isfana-batken-aba-kattamy-uyushturuldu
Добавить комментарий ×