Баткак болгон бут кийимдер мода болуп, 14 миң сомдон сатылууда

2 апрель 2019 15:02 1522 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Премиум-класстагы бут кийимдерди чыгара турган Le Chameau өндүрүүчүсү Pre Mudde деген аталыштагы желим өтүктөрдү чыгарды, анын өзгөчөлүгү-чыныгы баткакка оонатылганында. Бул тууралуу Metro кабарлады.

Мындан тышкары сатып алуучуларга топурактын 24 түрдүү өңүнөн бирөөнү тандоо сунушталат. Бул топурак атайын Улуу Британия жана Ирдандиянын аймагынан чогултулуп алынган.

Компаниянын башчысы Дэвид Робинсондун айтымында, мындай булганыч ботинкалар менен кардарлар өздөрүн чыныгы айылдын тургуну сезишет.

Эркектердин Vierzon Jersey Lined Boot деп аталган модели 150 фунт стерлингге (болжол менен 14 миң сом), аялдардын өтүктөрү 140 фунт стерлингге (12 миң сом) бааланат.

Ссылка: https://barometr.kg/batkak-bolgon-kijimder-moda-bolup-14-mi-somdon-satyluuda



Добавить комментарий