Батир ижарага берген аялды карыз болуп калган квартирант киши жалдап өлтүрттү

19 июнь 2019 10:25 3276 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Алмата шаарында кайгылуу окуя катталды, квартира берип жүргөн аял буйрутма менен өлтүрүлгөн. Бул тууралуу Zakon.kz. кабарлады.

Полиция кызматкерлери кылмышкердин ким экенин аныктап, аны кармашты. Изилдөө маалында Алмата шаарынын тургунун Саид аттуу карыз болгон адам киши жалдап өлтүрткөнүн аныкташты. Ал башка бирөөнү жалдап 500 миң теңге карызы үчүн аялды өлтүрүүгө буйрутма берген.

Кылмышкер квартираны ижарага алам деп шылтоолоп  аялдын үйүнө барган дагы батирге киргенден кийин аны темир дубинка менен башка койгулап сабаган.

Алган жаракатынан улам аял каза тапты.

Сот материалдарды изилдеп чыгып айыпталуучуну 15 жылга эркинен ажыратты.

Ссылка: https://barometr.kg/batir-izharaga-bergen-ayaldy-karyz-bolup-kalgan-kvartirant-kishi-zhaldap-ltrtt



Добавить комментарий